Эми тендерди уткандар жергиликтүү товарды алууга аракет кылышы шарт

Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук каталогу түзүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Өкмөт атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жазылган.

Мисалы, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук каталогу түзүлөт.

"Бул каталог аркылуу соода кылган ишканаларга арзандатуулар каралат. Ошондой эле компаниялар товардын өндүрүүчүсү менен түз келишим түзө алат", — деп айтылат билдирүүдө.

10 сомго кымбат түшкөн кызмат... ӨКМ өткөргөн тендердин айланасындагы чыр
Бул кадам жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоодон тышкары тендердин таза өтүшүнө жана убакытты үнөмдөөгө жардам берет.

Электрондук каталог пилоттук негизде 25-мартта ишке киргизилген.

Ага өз товарларын жана кызматтарын каттайм деген ишкерлерге министрлик кеп-кеңеш жагынан жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирет.