Бишкек жана анын кире бериши кантип өзгөрүп жатат? Мэриянын сүрөт отчёту

Ишти "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери аткарууда.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Борбор калаанын мэриясы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жасалып жаткан иштерди айтып берди.

Тагыраагы, шаардын кире беришиндеги "Аска-Таш" комплексинин көркөм жасалгасы боюнча маалымат таратылды.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери өз колу менен декорацияларды улуттук стилде жасап чыккан.

Кудум илгеркидей! Бишкекте ачыла турган сонун бир жайдын видеосу
"Бишкек" жазуусу эми бир топ көрктүү жана көлөмдүү болуп калганы, анын бийиктиги 2,5 метр, туурасы 50 сантиметр болгону маалымдалды. Жаңы жасалгага диоддук жарыктар жана прожекторлор орнотулганын айтышты.

Андан сырткары, "Кош келиңиздер" деп жазылган арка толугу менен оңдолуп, Жибек Жолу менен Жаш Гвардия бульварындагы стела жаңыланган.

Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги стела жазуучунун чыгармасы берген ойдун мотиви менен кайрадан жасалган. Эскиз шаардын башкы сүрөтчүсү Марат Жороевдин колунан чыкты.