Бишкекте кайдан-жайдан пайда болгон куюн кампанын чатырын учуруп кетти. Видео

Кырсык болжол менен саат 13.30дарда болгону айтылды.
Sputnik

Лев Толстой менен Бах көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампалардын биринде куюн бастырманын чатырын учуруп кетти.

Шифердин сыныктары жакын турган машиналардын үстүнө түшүп, терезелерин сындырган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, эки машина жабыркап, бастырманын 100 чарчы метрдей шифери учуп кеткен.

Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

"Окуя болгон учурда асман ачык, эч кандай шамал деле жок болчу", — деди окуянын күбөсү.

Куюн кайдан-жайдан пайда болуп, бир мүнөткө жетпеген убакытта бир топ зыян келтирген.