Илон Маск жер жүзүн интернет менен камсыздоо үчүн орбитага 60 спутник учурду

Спутниктер күндүн энергиясынын жардамы менен Жер планетасына интернет таратып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Илон Масктын SpaceX ойлоп табуучулар компаниясы Starlink деп аталган глобалдык интернет-долбоорун ишке ашыруу үчүн орбитага 60 спутник учурду.

Спутниктердин салмагы 227 килограмм, ар бири Жер шарынан 550 чакырым бийиктиктеги алыстыкта учат. Алар күндүн энергиясынын жардамы менен бүт жер жүзүн интернет байланышы менен камсыздоого чамасы жетет. Кийинчерээк биринчи 60 аппаратка дагы жаңылары кошулуп турары айтылууда.

Спутниктерди абага учургандан кийин бир нече саатка чейин жерде туруп ага көз салып турушкан. Нидерланддык астроном ышкыбозу Марко Лангбрук абада учуп бараткан SpaceX аппараттарын тартып алып, видеосун YouTube каналына жарыялады.