Билими:
2013-жылы Кыргыз-Россия славян университетин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 2009 — алгач сүт коктейлдерин сатып, кийин медициналык жабдууларды ташыган "Лависта" ишканасын негиздеген;
- 2012 — муктаж болгон үй-бүлөлөргө күнөскана иштетүү боюнча социалдык долбоорун баштаган;
- 2014 — жабык жерде жер-жемиш өстүрүү менен алектенген "Жашыл чарба" компаниясын негиздеген;
- 2018 — Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы;
2020-жылдын 22-октябрында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды.
Жаш ишкерлер ассоциациясынын, Кыргызстандын социалдык ишкерлер ассоциациясынын жана Бишкек ишкердик клубунун мүчөсү.
2017-жылы "Аракет - 2016" улуттук сыйлыгына "Жылдын эмгекчили" номинациясына татыган. Ошол эле жылы Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан "Экономикага кошкон салымы үчүн" Ардак грамота алган.
Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.