Мирзиёевдин кызы балдарынын ийгилигине кубанып, сүрөттөрүн жарыялады

Ханбийке "эмнеге ата-энелер өзүнүн ийгилигине караганда, балдарынын жетишкендиктерине көбүрөөк сыймыктанат?" деп да суроо салган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Өзбекстандын президентинин тун кызы Саида Мирзиёева окуу жылынын аягында балдарынын ийгилиги жана аларга болгон мамиле тууралуу ой бөлүштү. Бул туурасында ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал окуу жылынын аякташы балдарынын кандайдыр бир чектен өткөнүн, эң башкысы чоңоюп бара жатканын эске сала турганын белгилеген.

"Уулум тригонометриялык функциялар жана геометрикалык прогресстерди оңой өздөштүрүп калды. Ал эми тарткан сүрөттөрү акырындык менен чыныгы картинага айланууда. Кызым музыка сабагынан Бетховендин "К Элизе" чыгармасын үйрөнүп жатат. Ага улай эле өзбек, англис жана орус тили менен чектелбей, французчаны да үйрөнүүгө белсенип турат", — деп жазган Мирзиёева.

Ошондой эле ал "эмнеге ата-энелер өзүнүн ийгилигине караганда балдарынын жетишкендиктерине көбүрөөк сыймыктанып, кымындай жеңишине да кубана берет?" деп суроо салган.

"Балким, эл балдарыбыз тарбиялуу жана билимдүү болгону үчүн жаркын келечекке ишенгиси келет. Ишенимдин эң натыйжалуусу да ушунда эмеспи", — деген ою менен бөлүшкөн ал.

Мирзиёевдин жубайы Зироатхон Хошимова же Ойхон тууралуу 7 факты
Соңунда ханбийке интернет колдонуучуларынан окуу жылынын аягында балдары эмне менен сүйүнткөнүн сураган.

Эскерте кетсек, 12-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директорунун орун басары болгон. https://sputnik.kg/asia/20190412/1043945596/mirziyoevdin-uluu-kyzy-kyzmatka-dayyndaldy.html Ал Өзбекстандын имиджин чет жакта таанытууга жоопкер болгон пиар-борбордун ишин тескейт.

Ошол учурдан тарта ал соцтармакта жигердүү болуп, Facebook жана Instagram баракчалары аркылуу өзбекстандыктарга кайрылып, кайсы бир теманы талкуулап жана тажрыйбасы менен бөлүшүп турат.