Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсүнүн мүлкү аукционго коюлду

Аукцион 10-июнга белгиленип, мүлктүн баштапкы баасы 205 миллиард сум деп коюлду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Өзбекстанда Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү Рустам Мадумаровго тиешелүү Rubicon Wireless Communication ишканасы аукционго коюлду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Аукцион 10-июнга белгиленип, мүлктүн баштапкы баасы 205 миллиард сум деп коюлду.

865 млн. доллар пара алган. АКШда Гүлнара Каримовага кылмыш иши козголду
Rubicon Wireless Communication Өзбекстанда уюлдук байланыш кызматтарын көрсөткөн Perfectum компаниясынын туунду ишканасы. Буга чейин ушул эле адамга тиешелүү EDEL VEYS-ALI компаниясы аукционго коюлган. Баштапкы баасы 7 миллиард сум деп белгиленгени менен учурда 4 миллиард сумга түшүп калды.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, Мадумаров Каримованын коррупциялык иштеринин негизги фигуранттарынын бири болгон. Ар кандай сүйлөшүүлөргө Каримованын ишенимдүү адамы катары барчу. 2014-жылы Өзбекстандын соту аны эркинен ажыраткан.

Ыраматылык Ислам Каримовдун кызы учурда Ташкентке жакын жердеги №21 Зангиатин аялдар колониясында кармалып турат. Ал Кылмыш жана жаза кодексинин бир нече беренеси менен 2017-жылы 5 жылга эркинен ажыратылган. Ага тагылган айыптардын арасында бирөөнүн мүлкүн, тагыраагы, дал ушул уюлдук байланыш боюнча компанияларды басып алуусу боюнча далил келтирилген.

Башкы прокуратура эки кылмыш ишинин негизинде Каримова келтирген чыгым 2 миллиард долларга жеткенин билдирген. Өзбекстан анын 12 өлкөдөгү активдерин камакка алууну демилгелеген. Эсептей келгенде, акчалардын жалпы суммасы 1,5 миллиард долларга жеткени айтылууда.