Уурубу же ким? Белгисиз бирөө үйдү жууп-тазалап кеткен видео

Үйдүн ээси полицияны чакырганы менен, кызматкерлер эч бир буюм уурдалбагандыктан, иликтөө жасоодон баш тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. АКШда белгисиз бирөөлөр чоочун үйгө көрүнбөй кирип, жууп-тазалап болгон соң, бир да буюмун албай акырын жылып жок болгон. Бул туурасында CBS Boston телеканалы маалымдады.

Өзгөчө окуя Массачусетс штатында Мальборо шаарында катталганы айтылды. 44 жаштагы кожоюн үйүнө кирип эле чоочун бирөө келип кеткенин сезген. Себеби үйдүн ичи таптаза жыйналып, тамдын арткы эшиги ачык тейде калган. Муну байкаган Нэйт Роман дароо полицияга билдирген.

"Үйгө кирерим менен өзгөрүүнү туйдум. Полдор таптаза жуулуп, текчелердин чаңы тазаланыптыр. Адатта беш жашар балам ойногон бөлмө астын-үстү түшүп калчу. Ал жакты карасам, таптаза, жерде жаткан бир да оюнчукту көрбөйсүң", — деген кожоюн.

Дүкөнгө куралчан кирген ууруну сатуучу швабра менен кууп чыкты. Видео
Белгисиз бирөө бөбөктүн эле эмес, үйдүн бардык жерин, ал тургай туалетти, жуунуучу бөлмөнү зымылдатып тазалап кетиптир. Кызыгы, ажаткана кагазынан роза гүлүп жасап, таштап койгон.

Айтмакчы, жыйналбаган ашкана бөлмө гана калган.

Роман оокаттарын түгөлдөп чыгып, жоголгон буюмун эстеген эмес. Баары ордунда эле. Мындай маалыматтан кийин полиция кылмыш жасалган эмес деген бүтүм чыгарып, иликтөө жасоодон баш тарткан.

Үйдүн ээси бул үй тазалаган компания кызматкерлеринин анын тамына адашып кирип алган окшойт деп божомолдоду. Анткен менен киши сырткы эшиктердин кулпуларын жакында эле алмаштырганын айтып берген.