“Бир бол” фракциясы айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевди сунуштады

Эл өкүлү премьер жаштарды колдоп берерине ишенерин белгилеген
Sputnik

БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Бир бол” фракциясы айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштай турганын Facebook баракчасы аркылуу жар салды.

Эл өкүлү премьер жаштарды колдоп берерине ишенерин белгилеген.

“Жаш, кесипкөй Тилек деген инибиз айыл чарба тармагында реформа жасайм, мекениме кызмат кылам деп билдирүү жасады. Үмүтсүздүк булуту каптап турган кезде Тилектин демилгеси бизди жандандырды. Андыктан “Бир бол” фракциясы премьерге айыл чарба министри кызматына Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштайт”, - деди Сулайманов.

Министрликтен кеткен Мурашев картошкадан башка эмнеси менен эсте калды
29 жаштагы фермер, ишкер Тилек Токтогазиев буга чейин айыл чарба министри кызматына өз талапкерлигин көрсөткөн. Ал бул боюнча маалымат жыйын дагы өткөрүп, кызматка келсе реформа жүргүзүүгө убада берип жатат.

Эске салсак, мурдагы министр Нурбек Мурашев отставкага 24-майда кеткен. Ал бул кызматка 2016-жылы келген болчу. Мурашев отставкага кетүүсүнө ден соолугу жана коомчулукта ага карата айтылып жаткан сындар себеп болгонун билдирген.