Мамлекет бала бакчанын жарым акчасын төлөйт. Муктаж үй-бүлөлөр үчүн долбоор

Социалдык долбоорду 1-июндан тарта ишке киргизүү пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүүнү камсыздоо жаатында социалдык долбоор башталарын Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Майтикова: 2-3 жылдан кийин Бишкекте бала бакча тартыштыгы жоюлат
Маалыматка ылайык, 1-июндан тарта мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, мамлекет жеке менчик бала бакчалардагы төлөмдүн 50 пайызын өзүнө алууга даяр. Муну менен аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө белсенүүдө.

Социалдык кызмат төмөнкү категориядагы, 3төн 5 жашка чейинки курактагы балдарга каралган:

  • Көп балалуу үй-бүлө (5 жана андан көп баласы бар);
  • Аз камсыз үй-бүлө;
  • Баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болгон;
  • Ата-энесинин бирөө I же II топтогу майып;
  • Ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем.

Жогорудагы категорияга кирген ата-энелер Билим берүү министрлигине табыштама жиберип, 50 пайыздык жеңилдик ала алат. Табыштаманын формасы жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин сайтына жайгаштырылган.