БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна болгон иш сапарында жергиликтүү органдардын жетекчилерин демилгесиздиги жана аймактарды өнүктүрүү чараларынын жоктугу үчүн сындады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө премьер-министр акимдерге республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган инфратүзүмдүк жана социалдык объектилердин курулушунун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды.
"Биз жаңы жумуш орундарын түзбөстөн экономиканы көтөрө албайбыз. Бул багытта ишкерликти өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүп, жаңы ишканаларды жана жумуш орундарын түзүүнү каалаган жаштарды колдоого тийишпиз. Инфратүзүмдүк объектилердин курулушун, айрыкча калкты таза суу менен камсыздоо жана билим берүү мекемелерин тийиштүү көзөмөлгө алгыла. Бүгүн биз, тилекке каршы, жергиликтүү жетекчилердин өз милдеттерине кайдыгер мамилесине күбөбүз. Эч демилгесиз, райондордун жана шаарлардын экономикасын өнүктүрүү маселелерин түшүнүшпөйт", — деди Абылгазиев.
Мындан тышкары, премьер мал чарбачылыгын жакшыртуу үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү, кен компаниялары менен активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.