Филармониянын айланасы жакшыртылып жатат. Сүрөттөр

Чүй — Манас проспектисинде жайгашкан аялдаманын айланасындагы эски брусчаткалар жаңыга алмаштырылып, ирригациялык тутумдар тазаланды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жумушчулары Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын айланасын жана Чүй — Манас проспектилеринин кесилиштерин жакшыртууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Бишкекте жол салуу үчүн гараждар, үйлөр түрттүрүлүүдө. Асмандан тартылган видео
Билдирмеге ылайык, филармониянын айланасындагы 3 миң чарчы метр аянттын брусчаткасы алмаштырылып, гранит плиталары реставрацияланып, "Манас" скульптордук комплексине вандалдар жазып, тартып кеткен ар кандай жазуу, сүрөттөр тазаланууда.

Чүй — Манас проспектисинде жайгашкан аялдаманын айланасындагы эски брусчаткалар жаңыга алмаштырылып, ирригациялык тутумдар тазаланды.

Мэрия калаа тургундарынан шаардын тазалыгын сактоого чакырды.