Бишкектин милициясы Акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздукту сактап жатат

Милиционерлер коомдук жайларды да көзөмөлгө алат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкек шаарынын милициясы Акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздукту сактап жатат. Бул тууралуу ШИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп, коомдун коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык аракеттерди көрүп жатат.

"Учурда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн 600дөн ашык милиция кызматкери тартылды. Андан сырткары милиционерлер көчөлөргө да көз салып, парктарды, соода борборлорун, көңүл ачуу жайларын да көзөмөлгө алат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек ШИИББ балдар жоголгон учурда же окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаралса тезинен 102 номери аркылуу кабарлоону өтүнөт.