Жумгалда элди кошумча сугат суу менен камсыздаган бассейн ишке берилди

Өкмөт башчы өз сөзүндө 2023-жылы программанын экинчи баскычы аяктап, 32 ирригациялык объект ишке берилерин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жумгал районунда 3,5 миңден ашуун жашоочуну сугат суу менен камсыздай турган суткалык жөнгө салуу бассейни ишке берилди. Анын ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарынга болгон иш сапарынын алкагында катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев сугат суу булагы Башкууганды суусу экендигин билдирди.

"Курулуш объектисинин баасы 113,8 миллион сомду түзөрүн айтты. Жаңы бассейн кошумча 239 гектар сугат жерин иштетип, 1041 гектар жерди суу менен камсыздоону жогорулатат", — деди ал.

Ал эми өкмөт башчы өз сөзүндө 2023-жылы программанын экинчи баскычы аяктап, 32 ирригациялык объект ишке берилерин белгиледи.

"Коопсуз шаардын" айып пулу төмөндөтүлүшү мүмкүн. Өкмөттүн тапшырмасы
"Суткалык жөнгө салуу бассейнинин курулушу 1989-жылы башталып, 1991-жылы бардык иштер токтотулган. Бүгүн райондун 3,5 миңден ашуун жашоочусун сугат суу менен камсыздаган ирригациялык объектини ишке берип жатканыбызга кубанычтамын. Аталган бассейндин курулушу 2017-2026-жылдары ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына ылайык жүргүзүлгөн. Ал 2017-жылы кабыл алынып, 58,8 миллиард сомго 44 ирригациялык объектини курулушун камтыйт. Бул 66 миң гектар жаңы жерди иштетүүнү шарттайт. Мындан тышкары, 110 миң гектар жерди сугаруу жакшырат", — деди Абылгазиев.

Мындан тышкары, премьер Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүндөгү "Токтомуш" Суу колдонуучулар ассоциациясынын ирригациялык инфратүзүмүн реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты. Сугат тутуму Орто-Кууганды, Жумгал дарыяларынан жана Карасуу суусунан алынат. Ички чарбалык жер каналдары сууну Орто-Кууганды, Жумгал жана Карасуу сууларынан алышат.

Бул объектидеги реабилитациялык иштер 2020-жылы аяктап, жалпы суммасы 27, 4 миллион сомду түзөт.

Суткалык жөнгө салуу бассейни 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына ылайык курулган. Ал Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган маалда кабыл алынып, 58,8 миллиард сомго 44 ирригациялык объектини куруу каралган.