Кыргызстанда ЖМК үчүн жабык тема жок! Жээнбеков сөз эркиндиги тууралуу

Медиафорумга мамлекеттик органдардын жетекчилери, ШКУ катчылыгынын өкүлдөрү, алдыңкы ЖМКлардын башчылары жана ШКУ өлкөлөрүнүн медиа-эксперттери катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Көпчүлүк учурда коомдук пикирди журналисттер жаратат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн "Массалык маалымат каражаттарынын Шанхай кызматташтык уюмунун өнүгүшүндөгү ролу" аттуу медиафорумунда айтты.

Ошондой эле президент өлкө бийлигинин ЖМКлар үчүн ачык экенин баса белгиледи.

"Бизде кабыл алынган бардык чечимдер журналисттердин күчү менен коомго бат жетет. Өлкөдө эмне болуп жатса дагы ЖМК элге көрсөтүп коет. Кыргызстанда журналисттер үчүн жабык тема жок", — деди президент.

Жээнбеков ЖККУ эмнеге көңүл бурушу керектигин айтты
Мындан тышкары, Жээнбеков өлкөдө мамлекеттик жана менчик ЖМКлардын күчтүү институту түзүлгөнүн жана эл журналисттерге ишенерин кошумчалады.

Медиафорумга мамлекеттик органдардын жетекчилери, ШКУ катчылыгынын өкүлдөрү, алдыңкы ЖМКлардын башчылары жана ШКУ өлкөлөрүнүн медиа-эксперттери катышты.

Алар массалык маалымат каражаттарынын өнүгүүсү жана уюмга кирген өлкөлөрдүн арасында бирдиктүү маалымат алкагын түзүүнү талкуулашты.