Нурбек Мурашев: кызматтан кеткенимдин эки себеби бар

Министр өз ыктыяры менен кызматтан кетүүнү чечкен. Мунун эки себеби бар.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев эки себеп менен кызматтан кетүүгө арыз жазганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Ал ден соолугуна байланыштуу жана коомчулукта ага карата айтылып жаткан сындардан улам өз ыктыяры менен отставкага кетүүнү чечкен.

"Кечээ, 23-майда, өз ыктыярым менен арыз жаздым. Биринчиден — ден соолукка байланыштуу, экинчиси кандай десем... Сөз көбөйүп кетти. Бирок негизинен башкы маселе ден соолугум эле. Кызматтан кеткенден кийин дарыланабыз, өзүбүздүн башка жумуштарды кылабыз. Бул бийлик менен эле жашоо токтоп калбайт да. Буюрса ден соолукту оңоп алып кийинчерээк кайра саясатка келем", — деди Мурашев.

Айыл чарба министри чириген картошка алгандан кийин эмне кылган? Жообу видеодо
Белгилей кетсек, былтыр министрлик дыйкандарга коңшу өлкө менен келишим түзүлгөнүн айтып, картошка эгүүнү сунуштаган. Бирок күздө тонналаган картошка жарытылуу баага өтпөй, дыйкандар чыгымга учурады. Sputnik Кыргызстан агенттиги кырдаалдын жөнгө салынышын сурап министрге бир нече ирет кайрылганда түрдүү убадаларды айта берген. Акыркы январь айында Sputnik кабарчысы Мурашевдин кабинетине барып таза жана чириген картошканы таштап келген. 

Андан кийин коомчулукта анын ишмердүүлүгүнө бир топ сындар айтылган. Кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да өкмөттүн жыйынында Мурашевге: "Былтыркыдай картошка кабинетке келбесин",- деп зекиген.