Бишкекте эл ташыган маршрутка кырсыктап, арыкка кирип кетти. Сүрөт

Кырсыктан кийин жүргүнчүлөрдүн бири ооруканага кайрылды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкекте эл ташыган маршруттук автобус жеңил унаа менен сүзүшүп, жыйынтыгында жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Кырсык бүгүн, 24-майда, саат болжол менен 17.30да болду. 

Бишкекте эл ташыган маршрутка кырсыктап, арыкка кирип кетти. Сүрөт

"Mercedes Benz унаасы Көлбаев көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, ошол эле багытта бара жаткан Honda Accord менен сүзүштү. Жыйынтыгында чакан автобус арыкка кирип кетти. Жүргүнчү аял Чүй облустук ооруканасына кайрылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эки унаа тең айып короого киргизилди.