Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугуна биринчи кезекте ата-энелер жооптуу. Бул тууралуу Марат Үсөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылы өлкө аймагы боюнча 9-классты 92 миң жана 11-классты 60 миңдин тегерегинде бүтүрүүчү аяктап жатат.
"Акыркы коңгуроо салтанаты жылдагыдай эле майрамдык линейка менен өткөрүлөт. Өлкө аймагы боюнча бардык мектептерде иш-чара эртең менен саат 09:00дө башталып, саат 12:00дө аяктайт. Бул Билим берүү жана илим министрлигинин жобосунда каралган. Акыркы коңгуроо салтанаты аяктагандан кийин эч кандай шаан-шөкөт өткөрүлбөшү керек. Буга көзөмөл жүргүзөбүз, тартип сакчылар да тийиштүү түшүндүрүү иштерин алып барышат. Бирок майрамдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салуу укугу бизде жок. Эскертүүлөргө маани бербей, шаан-шөкөт өткөрүүнү каалаган ата-энелер да четтен чыгат. Алар балдарыбыз мектепти бир гана жолу аякташат деген жүйө менен кечелерди уюштурууга ынтызар. Мындан улам ата-энелер балдарынын коопсуздугуна өздөрү жооптуу экендигин эстен чыгарбашы керек. Анткени аталган шаан-шөкөттө мектеп бүтүрүүчүлөрү ар кандай укук бузууларга барышып, автокырсыкка кабылган көрүнүштөргө чейин фактылар катталып келет. Кийин ал үчүн Билим берүү министрлиги менен бирге Ички иштер министрлиги күнөөлүү болуп калууда. Ошол себептен ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз", — деди Үсөналиев.
Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык Акыркы коңгуроо салтанатынын шылтоосу менен шаан-шөкөткө катышкан мугалимге тийиштүү чара көрүлөрүн кошумчалады.