Жумага карата аба ырайы

24-майда өлкө боюнча түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жума күнү күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Талас облусунда +21…+26 градус болору айтылды. Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +22…+27 градусту көрсөтөт. Ысык-Көл жана Нарын аймагында +18…+23 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы +25...+27 градуска чамалап барат.