БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов азыркы кезге чейин кызматтан алынбай жатканына депутат Улугбек Ормонов нааразы болду.
Депутат өз сөзүндө токой чарбасынын жетекчисинин мыйзамсыз иштери Коопсуздук кеңешинде көтөрүлүп, тийиштүү органдар тарабынан анын күнөөсү бар экени айтылып жатканына карабай кызматта жүргөнүн айтты.
"9-апрелде Коопсуздук кеңешинде Токой чарба агенттигинин мониторинги боюнча жыйналыш болуп өткөн. Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун корутундусуна ылайык, агенттикте көптөгөн мыйзам бузуулар, коррупциялык системалар аныкталган", — деди ал.
Жасалган мыйзамсыз аракеттер тууралуу материал 135 барактан турат.
Депутат, андан сырткары, кылмыш иштери боюнча материалдар 12-апрелде прокуратурага жөнөтүлгөнүн айтып, ушул эле маселени вице-спикер Аида Касымалиева да бир нече ирет көтөрүп, премьерге кайрылганын кошумчалады.
Ормонов Рустамов тарабынан жасалган мыйзамсыз аракеттердин олуттуу делгендерин төмөнкүчө тизмектеди.
"Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен 15 миллион сом натыйжасыз пайдаланган деп жыйынтык чыккан. Глобалдык экологиялык фондусунан бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз пайдаланганы аныкталган. 2018-жылы Женевадагы эл аралык жыйынга өзүнүн шоопурун жиберген. Бул да актыда так жазылып турат. Штатта болбогон кызматкер агенттиктин атынан жети жолу чет өлкөгө чыгып, жыйындарга катышкан, бул эмне деген жорук? Токой чарбасын жетектеген кишинин мыйзамсыз жоруктарына өкмөт башчысы кантип чыдап отурат? Токой чарбасын толугу менен жок кылып алгандан кийин "аттиң, ай" деп өкүнүп калбайлы", — деди эл өкүлү.
Депутат ошондой эле бул маселеге өкмөт тезинен чара көрүп, реакция кылышы керектигин талап кылды.