Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге былтыркыдай картошка окуясы кайталанбашы керек экенин айтты.
Абылгазиев министрди 2019-жылдын январь-мартына карата өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыгы каралган өкмөттүн жыйынында зекиген.
Өкмөт башчы былтыр анын кабинетине картошка таштап кетишкенин эскертип, мындай нерсеге мындан ары жол бербөө керек деди.
"Нурбек Нурпазылжанович, былтыркыдай картошка келбесин эми. Баштык менен кабинетке картошка алып келгенди токтотуп... азыртадан сүйлөшүш керек. Бирөөбүз да сүйлөгөн жокпуз. Кайсы өсүмдүк өсөт, күзүндө канча өсүмдүктүн түрүн сатканга кандай механизмдер бар экенин айта элекпиз. Жыйналып калгандан кийин кардар издеген туура эмес. Былтыркы тажрыйба кайра кайталанбагандай иштерди жасашыбыз керек", — деп сындады Абылгазиев.
Белгилей кетсек, былтыр Sputnik Кыргызстандын кабарчысы дыйкандардын арыз-муңун жеткирип, баа боюнча так кесе жооп алуу үчүн министр Мурашевге барган. Ал көйгөй чечпеген министрге таза, чоң картошканы көрсөтүп, 5 сомдон ашпай жатканын айткан. Эгер экспорт маселеси чечилбесе, сактаган картошка кандай болуп чирип кетерин да көрсөтүп, иш бөлмөсүнө таштап келген.
Буга дыйкандар картошкасын 5 сомдон сатууга аргасыз болгону себеп. Айыл чарба министрлиги 2018-жылы жазда фермерлерге картошка эгүүнү сунуштап, бышканда Өзбекстанга экспорттоло турганын айткан. Бирок күздө картошканын баасы кескин төмөндөп, пайда көрмөк түгүл жылдык чыгымды да жаппай калган. Октябрда министр Нурбек Мурашев дыйкандарды шашпай турууга чакырып, баа бир жумадан кийин жогорулайт деп убада берген. Декабрь айында тынчсызданууга негиз жок деп, картошканын баасы суук түшкөндө көтөрүлөрүн айткан.