Радио

Арабаев: ишкерлер үчүн жаңы кодекстер жазылууда

Ишкер кодексин иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев ишкерлердин укугун жана милдетин иреттеген жаңы кодекстер даярдалып жатканын айтты.
Sputnik
Арабаев: ишкерлер үчүн жаңы кодекстер жазылууда

2014-жылдан 2018-жылга чейинки Экономика министрлигинин жүргүзгөн анализи боюнча өлкөдө ишкерликке байланыштуу 1068 укуктук-нормативдик акт бар экен. Бул тууралуу Чолпонкул Арабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгемендүү өлкөнүн экономикасына ишкерлик тармагынын тийгизген таасири чоң. Андыктан, мыйзамдарды иреттештирүү мезгил талабы.

"Жумушчу топ түзүлүп, ишкерлик жаатында кодекстерди иштеп чыгуудан мурда изилдөө жүргүздүк. Анын жыйынтыгында бул тармактагы 100дөн ашуун мыйзамдарды аныктап чыктык. Аталган мыйзамдардын арасында бири-бирине карама-каршы келгендери да бар. Мындай көрүнүш бул тармактын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып жатат. Ошондуктан меценат Аскар Салымбеков өзү каржылап, адистерди чогултуп жумушчу тобун түздү. Ал ишкерлик тармакты жөнгө салган заманбап мыйзамдарды жазып чыгууну сунуштады. Иштин жүрүшүндө ишкерлер, юристтер бардык тиешелүү тармактын өкүлдөрү менен тогуз ирет талкуу өткөрүлдү. Анын жыйындысынан жаралган кодекстер даярдалып бүтүп, Жогорку Кеңешке сунуштоо алдында турабыз. Эгер эл өкүлдөрү колдоп берсе, ишкерлик тармагына да жаңы эрежелер кирет", — деди Арабаев.

Ал ошондой эле жаңы кодекстерде ишкерлердин укуктары менен кошо милдеттери да каралганын кошумчалады.