Батукаев чуусу: экс-министр Динара Сагинбаева үй камагына чыкты

Мурдагы министр кримтөбөл Азиз Батукаевдин боштондукка чыгып кетиши боюнча козголгон иштин негизинде кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу билдирүүнү Жогорку соттун маалымат кызматы таратты.

"Сагинбаеванын бөгөт чарасын 22-май күнү Биринчи Май райондук соту карады. Сот КРдин Жазык-процессуалдык кодексинин 118-беренесин эске алуу менен Сагинбаеваны сот залынан үй камагына бошотту", — деп айтылат билдирүүдө.

118-берене — Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү.

1. Буга мындан ары зарылдык жок болгондо бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылат же болбосо иштин жаңы жагдайлары түзүлгөн учурда кыйла жумшак же кыйла катуу чарага өзгөртүлөт. Бөгөт коюу чарасын өзгөртүү тергөө судьясынын жүйөлөштүрүлгөн токтому же соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.

2. Шектүүдө, айыпкерде камакка алууга жол бербеген, медициналык корутунду менен ырасталган оор дарт аныкталса, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы анча катуу эмесине өзгөртүлүшү мүмкүн. Шектүүлөрдү, айыптууларды камакка алууга тоскоолдук кылган оор оорулардын тизмеси өкмөт тарабынан бекитилет.

3. Жазык куугунтугун токтотуу, тергөөнүн мөөнөттөрүн узартпоо - бөгөт коюу чарасын токтоосуз өзгөртүүгө алып келет. Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жазык өндүрүшүндө жазык иши бар органдын токтому боюнча жүргүзүлөт.

Батукаевдин иши боюнча Нарын шаарынын мурдагы судьясына айып тагылды
Эске салсак, ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин боштондукка чыгып кетиши боюнча козголгон иштин негизинде кармалган. Сот айыпталуучулар Сагинбаева менен Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин баш коргоо чарасын 16-майда карап, 26-июнга чейин №1 тергөө абагында калтырган. Ошондой эле тергөө иштеринин алкагында буга чейин Батукаевге рак диагнозун койгон онколог менен лабораториянын кызматкери жана мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалган.