Жумуш издеп жатасызбы? Бишкекте 50дөй компания ишке чакырат

Иштейм дегендерге 4 миңдей орун сунушталат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкекте жумуш издегендер үчүн кезектеги вакансия жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы билдирди.

Айыл чарба министрлигиндеги бош орундар. Тизмеси жана талаптары
Жумуш берүүчүлөр менен иш издеп жүргөндөрдүн жолугушуусу 28-майда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтөт. Дареги Абдрахманов көчөсү, 208. Иш-чара 10:00дө башталып, 13:00дө аяктайт.

Иш-чарада ар кандай чөйрөдөгү 50 компаниянын өкүлчүлүктөрү 4 миңдей бош орун сунушташат.

Мындай жарманке жыл башынан бери алтынчы ирет өтүп жатат.

Байланыш номерлери: (0312) 68-02-04, 43-47-65 жана 43-47-70.