Бишкекте Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалды. Сүрөт

УКМКнын маалыматына караганда, кармалган аял тендерди уткан компаниядан акча талап кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аял 21-майда Бишкектен колго түшкөн.

"Кармалган аял тендерди каржылоо маселесин чечип берүү үчүн компаниядан акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта.

Материалдар Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси ("Акча талап кылуу") боюнча каттоого алынды. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилди.