Карап эле тургуң келет. Бишкектин ботаникалык багында өсүмдүктөр көргөзмөсү өтөт

Бишкектиктер менен калаа коноктору бул аптанын эс алуу күндөрү Горький көчөсүндөгү Ботаникалык бакка барып, андагы сейрек кездешкен өсүмдүктөрдү көрө алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта экзотикалык өсүмдүктөрдүн көргөзмөсү өтөт. Бул туурасындагы маалымат аталган мекеменин Facebook тармагындагы расмий баракчасында кабарланды.

Экспозициянын 25-26-майда Горький, 212а дарегинде өтө турганы жана саат 10:00дөн кечки 16:00гө чейин болору айтылган.

Каалагандар ар кыл өсүмдүктөрдү көрүп, Ботаникалык бактын илимий кызматкерлеринен аларды кантип өстүрүү жана көбөйтүү, кароо жаатындагы кеп-кеңештерди алышат.

"Саны анча деле көп эмес кызматкерлерибиздин эмгегинин аркасында бизде гүлдөрдүн, декоративдүү өсүмдүктөрдүн экзотикалык түрлөрү бар. Аларды карап эле тургуң келет", — деп айтылат маалыматта.

Бул күндөрү оранжереяда акы төлөп жасалган экскурсиялар уюштурулат. Ал чоңдор үчүн 50, ал эми мектеп жашындагы балдар жана бөбөктөр үчүн 20 сом.