Тыныбекова баштаган балбан кыздар Италиядагы турнирге катышат

Memorial Matteo Pellicone аталышындагы мелдеш 23-25-май күндөрү Италиянын Сассари шаарында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курама команданын балбандары Италияда өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Көтөрүп чаап, оодарып... Балбан Жолчубековдун Украинадагы турнирди уткан видеосу
Маалыматка ылайык, Memorial Matteo Pellicone аталышындагы мелдеш 23-25-май күндөрү Италиянын Сассари шаарында өтөт. Ага Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) катышмакчы. Балбандарды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат.

Спортчулар мелдешке даярдануу үчүн 9-21-май күндөрү Финляндияда машыгуу өткөргөнү айтылды. Алардын Италиядагы турнирине олимпиадалык дирекция тарабынан 771 миң сом каралган.