ЖАМКтын жамааты үчүн атайын оорукана ачылат. Сүрөттөр

Кызматкерлер, алардын үй-бүлөсү жана ардагерлер үчүн ведомстволук бейтапкана ачуу чечими кабыл алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев жаңы түзөтүү колониясы менен ведомстволук бейтапкананын курулуш иштерин көрдү. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө ЖАМКтын бейтапканасы жок, ал жакта иштегендер ИИМдин госпиталына көрүнөт. Мындан улам жетекчилик №32 түзөтүү колониясынын базасында кызматкерлер, алардын үй-бүлөсү жана ардагерлер үчүн бейтапкана ачууну чечкен. Ал жакта госпиталь жана аскер-дарыгерлик комиссия да жайгашмакчы. Бейтапканада операциялык блок, лаборатория жана стоматологиялык кабинет болот.

Кайсы оору түрмөгө отургузбайт? Илдеттердин тизмеси
№32 колония Сокулуктун Новопавловка айылындагы жоюлган №37 түзөтүү колониясынын базасына өтөт. Ал эми 37-колониянын ордуна 200 кишиге ылайыкташкан абак курулду.

Мекемеде өнөр жай цехтери, кесиптик-техникалык училище ачылып, анда эркинен ажыратылгандар ар кыл кесиптерге үйрөнө алат.

Эки объектинин курулушу соңуна чыгып калды. Ушу тапта ЖАМКтын аппаратында мониторинг жана анализ борбору курулуп, жабдуу алуу үчүн өткөн тендердин жыйынтыгы күтүлүүдө.