Ошто жер титиреди

Жер титирөө саат 14.07де болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бүгүн, 22-майда, Ош облусунда очогунда күчү үч баллга жеткен жер силкинүү болгонун ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө саат 14.07де катталган.

"Жердин силкинүүсү Кара-Суу районунун Лангар айылында 2 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.