Абылгазиев Дастан Догоевди Байланыш комитетинин төрагалыгына сунуштап жатат

Аталган комитеттин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Абылгазиевдин бажасы "Санарип Кыргызстандын" жумушчу тобунан да кетүүнү чечти
Эске салсак, аталган комитеттин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Дастан Догоев — Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси жана президенттин санарип технологиялары боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси.

Маалымат иретинде айта кетсек, өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта премьер-министр Жогорку Кеңештин жактыруусу менен президентке беш күндүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.