Радио

Болгомбаев: коомдо окууга өтпөй калгандар мугалим болот деген стереотип бар

Окутуучу Бакытбек Болгомбаев бүгүнкү күндө мугалимдердин кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй түшүп кеткенин айтты.
Sputnik
Болгомбаев: коомдо окууга өтпөй калгандар мугалим болот деген стереотип бар

Коомдо окууга өтпөй калгандар гана мугалимдик кесипке тапшырат деген стереотип бар. Мындай пикирин Бакытбек Болгомбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мугалимдин кадыр-баркын көтөрүш керек.

"Мыкты мугалим болуш үчүн билим алууну эч убакта токтотпош керек. Беш жылдык билимим, дипломум бар деген жаңылыш ой. Дүйнөдө кандай ачылыштар, коомдо кандай жаңылыктар болуп жатканынан дайыма кабардар болууга тийиш. Анан, албетте, кулк-мүнөзү жакшы болушу зарыл. Тилекке каршы, учурда коомдо окууга өтпөй калгандар мугалим болот деген стереотип жашап калды. Кыргызстанда окутуучулардын кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй түшүп кетти. Чет өлкөлөрдө, тескерисинче, мугалимдерди өзгөчө сыйлап, алардын айлыгы айрым жогорку кызматта иштегендердикинен жогору. Ошондуктан биз мугалимдердин кадыр-баркын жогорулатышыбыз керек", — деди Болгомбаев.

Ал педагог менен окуучу дос болушу керектигин кошумчалады.