Баткенде тажик чек арачыларына нааразы болгон эл топтолууда. Сүрөт

Учурда чек арада 100гө чукул киши чогулду.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бүгүн, 22-майда, Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Кара-Бак айылында тажик чек арачыларына нааразы болгон эл топтолууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Маалыматка караганда, эл "Кара-Бак айылындагы көрүстөнгө тажик чек арачылары кирбесин, ал жерди толугу менен Кыргызстандын чек арачылары кайтарсын" деген талапты коюуда.

Буга чейин Кара-Бак айылындагы көзү өткөн аксакалды жерге берүү үчүн көрүстөнгө барган элди Тажикстандын чек арачылары киргизбей койгону айтылган. Маселе кыргыз-тажик чек арачыларынын эки тараптуу сүйлөшүүсүнөн кийин чечилгени маалымдалган болчу.

Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы Каримберди Каламбеков төмөнкүлөрдү билдирди.

"Учурда 100гө чукул адам чогулду. Тажик чек арачылары биздин ата-бабаларыбыз жаткан мүрзөгө жана үлүш жерибизге өткөрбөй жатышат. Азыркы тапта эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө", — деди Каламбеков.

Мамлекеттик чек ара кызматы маалымат такталып жатканын кабарлады.