Депутаттар: өкмөт, Жамангуловду коркутканды токтоткула

Эл өкүлдөрү укук коргоо органдары мыйзамды тебелебестен иш алып баруусу керектигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын айланасындагы чуудан кийин "Альфа Телеком" (MegaCom бренди) компаниясынын башчысы, мурдагы депутат Акылбек Жамангуловго карата кысым, кодулоо күчөгөнүн жалпы жыйында айтышты.

Ишене албайм! Абылгазиев "КТ Мобайлга" аралашкан бажасы боюнча үн катты. Видео
Депутат Зиядин Жамалдинов Жамангуловдун мурдагы иштерине, бизнестерине текшерүү жүрүп жатканын айтып, мындай кадамдар туура эместигин белгиледи. Ал ошондой эле "КТ Мобайлдын" ишмердигин текшерип жаткан депутаттык комиссия буга көңүл бурушу зарылдыгын кошумчалады.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев эл "эртең дагы кимди камайт" деп жашап калганын айтып, укук коргоо органдарын мыйзамды тебелебестен милдетин аткарууга чакырды.

Дагы бир депутат Закир Шарапов Жамангуловго ар тараптуу коркутуу, кысым болуп жаткандыктан буга өкмөт көңүл бурсун деп талап этти.

Эл өкүлү Алтынбек Жунус уулу учурда "ууруну карма" деп уурулар чуркап жүргөнүн белгиледи.

"Акылбек Жамангуловго мындай сырды эмнеге ачтың деп эбегейсиз кысымдар болуп жатыптыр. Анын өзүнө жана туугандарынын бизнесине да кысым башталды. Комиссиянын жыйынтыгы чыкканга чейин эч кимди күнөөлөбөйбүз, бирок ушундай кысымдар токтотулсун", — деди Жунус уулу.

Эске салсак, "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги компаниянын айланасындагы чырдан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.