Видео ушул жылдын май айында тартылган. Эки мүнөттүк роликтен ийме-чийме жолдорду, дагы деле ак карга оронуп жаткан Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларын, Нарын дарыясын жана Токтогул суу сактагычын көрүүгө болот.
Буга чейин Дудиндин Бишкектен Сузак районуна чейинки жолду 17 мүнөткө батырган видеосу чыккан.