Бишкекте мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан курулуш компанияcы жазаланды. Сүрөт

Түтүк орнотуу иштери Жумабек көчөсүнүн Жусуп Турусбековдон Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкекте уруксат кагаздары жок туруп, жерге газ түтүктөрүн орнотуп жаткан курулуш компаниясы аныкталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бишкекте мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан курулуш компанияcы жазаланды. Сүрөт

Түтүк орнотуу иштери Жумабек көчөсүнүн Жусуп Турусбековдон Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан.

"Фирма Бата" ишканасынын кызматкерлери курулуп жаткан үйлөргө газ киргизгени жаткан. Ошол эле учурда алар "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын асфальт төшөө иштерине тоскоол болгон", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Бишкекте мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан курулуш компанияcы жазаланды. Сүрөт

Санитардык-экологиялык инспекциясы окуя болгон жерге барып, Эреже бузуулар кодексинин 119-беренесине ылайык протокол түздү. Эми мыйзам бузган компания 23 миң сом айып төлөгөндөн тышкары, бузуп койгон жер кыртышын калыбына келтирип берүүсү керек.