Суракматов түндө жан-жөкөрлөрү менен шаар кыдырды. Сүрөттөр

"Сейилдөөгө" чыккан жетекчилер тротуарлардын ремонту, гүлдөрдүн отургузулушу жана тазалык менен таанышты.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суракматов борбор калааны эки ирет, эртең менен жана түн ичинде кыдырып, жазгы жумуштардын аякташы менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага вице-мэрлер, шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.

"Сейилдөөгө" чыккан жетекчилер тротуарлардын ремонту, гүлдөрдүн отургузулушу жана тазалык менен таанышты.

Мэр шаардын борбордук көчөлөрүндөгү жарнама баннерлерин алып, түнкүсүн жарыкты жаап калып жаткан бактарды бутап чыгууну сунуштады.