Өкмөт адашты. Премьер-министрдин кызы чындап эле АКШда билим алат

Өкмөт башчынын бажасына байланышкан чуудан улам премьердин үй-бүлөсү да кызуу талкууга түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызы чындап эле АКШда билим алат, өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсү так болбой калган. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев кабарлады.

Буга чейин Akipress агенттиги өкмөттүн маалымат кызматына таянып, премьер-министр Абылгазиевдин балдары кайда окуй тургандыгы тууралуу билдирүү тараткан.

13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме
Анда премьердин улуу кызы Ажар Борбор Азиядагы Америка университетинде билим алат деп жазылса, экинчи кызы Саадат эл аралык "Ала-Тоо" университетинде окуй турганы кабарланган. Уулу Абир да аталган окуу жайда билим алса, кичүү баласы Кайрат бала бакчага барары белгилүү болгон. Агенттиктин бул маалыматынан кийин бир катар ЖМК өкүлдөрү өкмөт башчынын экинчи кызы Саадат АКШнын Сан-Франциско шаарында Diablo Valley College колледжинде билим аларын жазып чыгышкан.

Султаналиев Саадат Дүйшекеева чындап эле АКШдагы колледжде билим аларын тастыктады.

"Саадат чыгармачылыкка жакын. Ал Бишкек гуманитардык университетинин европалык цивилизация факультетин аяктагандан кийин ушул жылдын башында АКШдагы колледжге тапшырып "санарип медиа-көркөм өнөр" адистигин тандап алган. Анимация менен алектенет", — деди Султаналиев.

Маалымат катчы премьер-министрдин ачык позициясынан пайдаланып, жакындары жана балдарына зыян келтирип албоону, алардын жеке жашоосуна болгон кол тийбестик укугун эске алууну кошумчалады.

"Биз мындан ары да коомчулукту кызыктырган маалыматтарды берип турабыз. Бирок ошол эле учурда анын мамлекеттик ишмердүүлүгүнө байланышкан суроолорго басым жасоону оң деп эсептейбиз", — деди Султаналиев.

"КТ Мобайл" чыры

Эске салсак, "КТ Мобайл" чыры боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын 17-майдагы жыйынында аталган компаниянын ишине премьер-министрдин бажасы, "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиевдин кийлигишип жатканы айтылган.

Ишене албайм! Абылгазиев "КТ Мобайлга" аралашкан бажасы боюнча үн катты. Видео
MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловдун айтымында, Рысалиев долбоорду иштеп чыгууну тездетүү боюнча бир нече ирет өкмөттө жыйын өткөргөн. Жакын арада Salam соода маркасы менен "КТ Мобайл" уюлдук операторун ишке берүү пландалып жатат. Ал MegaCom базасында иштемек.

Ал эми депутаттык комиссиянын жыйынында Рысалиевдин аталган долбоорго эч кандай тиешеси жок экени, бирок уулбаласы Эрназар Иманкадыр уулу "КТ Мобайл" компаниясынын жетекчисинин орун басары экени аныкталган. Ал Абылгазиевдин сөзүнөн кийин кызматтан кетип, кийинчерээк жетекчилик толугу менен отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Мындан тышкары, Жамангулов Рысалиев аны коркутканын айткан, бирок премьердин бажасы мындай дооматтарды четке какканы маалым.

Абылгазиев Рысалиевди кызматынан алуу сунушун киргизип, көп өтпөй ал өзү арыз жазып иштен кеткен.

Бул чырдан кийин өкмөт Абылгазиевдин бир туугандары эмне иш менен алектенери тууралуу маалымат тараткан.