"Жооп бербейм!" Бишкектеги автоинспекторлордун билимин текшерген видео

Sputnik Кыргызстан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын көчөдө кызмат кылып жаткан өкүлдөрү менен түз эфир жасады. Алар журналисттин суроолоруна жооп берип, жол белгилерин канчалык деңгээлде билерин көрсөтүштү.
Sputnik

Sputnik Кыргызстандын "Айып пулсуз кантип жүрүү керек #БезШтрафов" деп аталган түз эфиринде ЖКККББнын Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери автоунаа айдоочуларынын актуалдуу суроолоруна жооп берди. Андан сырткары жол эрежелеринин жаңыланган кээ бир учурларын да айтып берди.

Кечирип кой эми, тааныш бололу! Жол эрежесин бузган автоинспектордун видеосу
Жол кыймылын тартипке салгандардын бир катарлары жооп бере албай такалып жатты. Ал эми дагы бирөө биз кагазга чыгарып, даярдап алган белги туура эмес экен деп шылтоолоп, жооп берүүдөн баш тартты. Белгилей кетүүчү нерсе, көбүнүн жооптору туура болду.

Ошентип, айдоочуларды тескеген автоинспекторлорду сурамжылоого тартууга мүмкүнчүлүк болду. Эскерте кетсек, кесиптештери билбей калган учурда аталган башкармалыктын бөлүмүнүн биз менен кошо жүргөн жетекчиси туура варианттарды айтып, жардамчы болуп жатты.

Sputnik Кыргызстан бул саамалыкты улантуу планында. Долбоордун максаты — Кыргызстандын жолдорундагы автокырсыктарды азайтууга көмөктөшүү, руль башкарып жүргөн жарандардын Жол эрежелери боюнча билимин жогорулатуу.