Кыргызстанга аткезчилик менен 3,2 млн. сомдук телевизор киргизилген. Сүрөт

Жүк ташуучу унаа Ош облусундагы чек арадан кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү аткезчилик жолу менен киргизилген жүктү аныкташты. Анда LG үлгүсүндөгү телевизорлор болгон. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

151 даана телевизор Ош облусунда Mercedes-Benz Sprinter 416 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан табылган. Рулда кыргызстандык жаран болгон. Чек арачылар жүк кайсы өлкөдөн киргенин маалымдашкан жок.

Товардын баасы 3 миллион 242 миң 500 сом деп бааланды. Айдоочунун жүккө документи болгон эмес.

Материалдар Ош облустук прокуратурага өткөрүлүп берилди.