БИШКЕК, 21 май — Sputnik. Америка бийлиги Huawei компаниясына коюлган чектөөлөрдүн башталыш мөөнөтүн жылдырды. Бул тууралуу Reuters жазды.
Буга чейин Google компаниясы Huawei АКШ өкмөтүнүн кара тизмесине түшүп калгандыктан, аны менен кызматташуусун токтотуп, Android системасында иштөөгө бөгөт койгон.
19-августка чейин берилген лицензия кытай компаниясы өзүнө зарыл болгон жабдууларды сатып алып, азыр иштеп жаткан смартфондордун колдонуучуларына Android системасын адаттагыдай пайдаланганга мүмкүнчүлүк берет.
Huawei компаниясынан билдиришкендей, ишкана АКШнын санкцияларына алдын ала дайынданган. Ал үчүн Android системасынын аналогу катары Hongmeng системасын иштеп чыгышкан.
Анын жаратуучуларынын пикиринде, система коопсуз жана АКШ санкцияларынан көз каранды эмес.