Бишкекте баланы бус жол чийинден коюп кеткен кырсыктын чоо-жайы

Жол кырсык болжол менен саат 18.30да болуп, бала ооруканага түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынан Жантөшев менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишинде болгон автокырсыктын чоо-жайын айтып беришти.

Окуя 21-майда болжол менен саат 18.30да болуп, бала ооруканага түшкөн.

"48 жаштагы айдоочу Байтик баатыр көчөсүндө түштүктү көздөй келе жатып, Жантөшев көчөсүнөн адамды койдуруп алган. Ал жөө кишилер үчүн чийилген сызыктан өтүп бара жаткан", — деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган 11 жаштагы бала  ооруканага жеткирилип, автоунаа айып короого токтотулган.