Бишкекте кемпирди байлап алып кыйнап өлтүрдү дегендер кармалды. Сүрөт

Укук коргоо органдарынын алдын ала берген маалыматы боюнча, каракчылар пенсионердин үйүнө кирип, аны тоноо максатында кыйнашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Милиция кызматкерлери Бишкекте кемпирди мыкаачылык менен өлтүрдү деген шек менен 38 жана 54 жаштагы эки кишини кармады. 

Бишкекте кемпирди байлап алып кыйнап өлтүрдү дегендер кармалды. Сүрөт

15-майда саат 16:55те Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Лагерь көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде кемпирдин сөөгү жатканы боюнча маалымат түшкөн.

Айылдашын тамеки үчүн өлтүрө сабаган. Нарындагы чуулуу окуя
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу келип, жеке үйлөрдүн биринен 83 жаштагы кемпирдин сөөгүн табышкан. Анын колу жана башы байланып, денесинен ур-токмоктун белгилери даана байкалган. Аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү бардык экспертизалар дайындалды.

Ленин РИИБдин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактап, алар буга чейин соттолгонун аныкташкан.

Колго түшкөн жарандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.