Бекмуратов Баймурат Асатович — өмүр баяны

Баймурат Бекмуратов 1961-жылы 2-сентябрда Лейлек районунун Искра айылында туулган.
Sputnik

Билими:

1983-жылы Фрунзе политехникалык институтун "инженер-технолог" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1981 — 1985 — Фрунзе политехникалык институтунда ага лаборант, лаборатория башчысы;
  • 1985 — 1986 — Биринчи Май райондук комсомол комитетинин катчысы;
  • 1986 — 1987 — Фрунзе политехникалык институтунда стажер-изилдөөчү;
  • 1987 — 1988 — Фрунзе политехникалык институтунда кенже илимий кызматкер;
  • 1988 — 1890 — "Военторг" ишканасында инженер-технолог;
  • 1990 — 1991 — "Кыргызкеректөөчүлөрсоюзу" ишканасында 1-категориядагы инженер-технолог;
  • 1991 — 1994 — Лейлек райондук даярдоо конторасында товаровед;
  • 1994 — 2000 — "Евгения" өндүрүштүк-коммерциялык фирмасында директор;
  • 2000 — 2004 — "Тунгуч" АКсында төрага;
  • 2004 — 2008 — Лейлек райондук киновидеодирекциясында директор;
  • 2008 — "Бай-Түшүм" чакан насыя компаниясында кредиттик адис;
  • 2009 — 2012 — жеке ишкер;
  • 2012 — 2016 — Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • 2016-жылдан тарта Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы — аким.

Аскердик чини: ага лейтенант.