Сооронбай Жээнбеков ЖККУ ПАнын жыйынына келгендер менен жолукту

Президент уюмдун форматында террористтик деп таанылган уюмдардын Бирдиктүү тизмесин түзүү жөнүндө мамлекет башчыларынын чечимин аткаруу создугуп жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин көчмө жыйынынын катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучулары менен учурашып, аларды өткөн Жеңиш күнү менен куттуктады жана келерки жылы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына байланыштуу бир катар иш-чаралар өткөрүлөрүн белгиледи.

"Дүйнөдө жана региондо кырдаал бардык деңгээлде тыгызыраак кызматташууну талап кылууда. Сиздердин эл аралык жана аскерий-саясий аракеттешүү абалын жана келечегин туруктуу түрдө талкуулап жатканыңыздар кубандырат. Азыркы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөш өлкөлөрдүн мыйзамдарын жакындаштырууну талап кылат. Сиздер уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкештөө маселелери боюнча чоң иштерди жасап жатасыздар", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент уюмдун форматында террористтик деп таанылган уюмдардын Бирдиктүү тизмесин түзүү жөнүндө мамлекет башчыларынын чечимин аткаруу создугуп жатканын белгиледи.