Себепсиз бычак уруп кеткен... Сокулукта кармалган аялдын сүрөтү

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага бычак жеген киши түшкөнү тууралуу маалымат берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Сокулук районундагы айылдардын биринде 32 жаштагы Л.Н. аттуу жаранга бычак сайып кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Себепсиз бычак уруп кеткен... Сокулукта кармалган аялдын сүрөтү

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага бычак жеген киши тууралуу билдирүү түшкөн.

"Жабырлануучу укук коргоочуларга 20-апрелде түнкү саат 23.00дөр чамасында белгисиз аял анын үйүнө келип бычак сайып кеткенин билдирген. Факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 39-130-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен каттоого алынган", — деп айтылат маалыматта.

Укук коргоочулар шектүү катары 29 жаштагы Д.Р. аттуу аялды колго түшүрдү. Милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.