Кыргызстанда армрестлинг боюнча Азия чемпионаты уюштурулат

Мелдешке Азиянын ондон ашык өлкөлөрүнөн чогулган спортчулар катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ысык-Көлдө армрестлинг боюнча Азия чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 6-июндан 12-июнга чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага Азиянын ондон ашык өлкөсүнөн чогулган спортчулар катышат.

Эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын 30 спортчу коргойт. Учурда алар машыгууларын өткөрүүдө.