Каирде туристтер бараткан автобустун жанынан бомба жарылды. Видео

Окуядан Египет менен Түштүк Африка Республикасынын жарандары жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май – Sputnik. Жардыруудан улам туристтер бара жаткан автобустун 17 жүргүнчүсү жабыркады. Бул тууралуу Sky News Arabia телеканалы укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, жардыруу Каирде курулуп жаткан улуттук музейдин аймагында жүргөн туристтердин автобусунун жанында болгон. Интернетке окуя болгон жерден видео тарады.

Телеканалдын маалыматы боюнча, кырсыктан Египеттин 10, Түштүк Африка Республикасынын 7 жараны жабыркаган.