База менен курал чыгаруу. ЖК төрагасы Кыргызстандын ЖККУдагы приоритеттерин айтты

Артыкчылыктар алты пунктудан турат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) төрагалык кылуусунун приоритеттерин айтты.

Бишкекте ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Жумабеков катышуучуларга кайрылып, куттук сөзүн айтты.

Жээнбеков ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлерин кабыл алды
Төрага тарабынан айтылган артыкчылыктар:

1. ЖККУнун потенциалын эл аралык, аймактык уюмдар жана үчүнчү жактар менен кызматташуу жолу аркылуу күчтөнтүү.

2. ЖККУнун Кризистик аракет көрүү борборунун күнүмдүк ишке кирүүсүн камсыздоо үчүн укуктук түзүлүшүн бүткөрүү керек. Ошондой эле алардын уюмга мүчө мамлекеттердин кризистик аракет көрүү борбору менен кызматташуусун жөнгө салуу.

3. Коалициялык аскерий курулуш тармагында керектүү нерселер:

  • Уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында метариалдык каражаты бар базаларды түзүү үчүн укуктук негизди иштеп чыгуу;
  • ЖККУнун жамааттык күчүн даярдоону жана колдонууну жакшыртуу.

4. Аскерий-экономикалык жана аскерий-техникалык тармакта кызматташуу.

  • аскерий багыттагы продукцияларды өз ара жеткирүүдө коргоо-өнөр жай тармагындагы ишканалардын кооперациялык кызматташуусун улантуу;
  • аскер техникаларына техникалык кызмат көрсөтүү жана оңдоо боюнча сервис борборлорун түзүү.

5. Учурдун чакырыктары менен коркунучтарына каршы туруу.

6. ЖККУнун ишмердигин маалыматтык камсыздоо тармагында уюмдун образын жакшы жактан көрсөтүүнү улантуу жана калыптандыруу.

Россиянын мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин бул маалыматтарды ишке ашыруу керектигин белгиледи.