БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Социалдык тармакта боксчулар Деонтей Уайлдер менен Доминик Бризилдин Нью-Йорк шаарында болгон беттешин катуу талкуулап жатышат.
Таймаш болгону 140 секундага созулган. Күйөрмандар жаңы гана оюндун кызыгына кире баштаганда Уайлдер атаандашын жыга чапкан. Ал Дүйнөлүк боксчулар кеңешинин версиясы (WBC) боюнча оор салмактагы дүйнө чемпиону деген титулун сактап калды.
Интернет колдонуучулардын бири ал беттешти көрүп, бери жакта турганда эле "жаагы сыздап кеткендигин" айткан.
Дагы бирөө "Уйалдер кишини өлтүрдү" десе, Sports_report спорттук басылмасы "Уйалдер адам эмес" деп жазган.