Филармониянын алдына гүлдөн "шырдак" төшөлдү. Асмандан тартылган сүрөт

Сүрөттө атайын жерге майда мрамор таштар төшөлүп, анын ичи гүл менен кооздолгонун көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдына гүлдөн "шырдак" төшөлгөнүн "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынан кабарлашты.

Ага ылайык, мекеменин кызматкерлери гүлдөн кыргыз оюуларын түшүрүшкөн.

"Учурда биздин кызматкерлер эң чоң объектиде иштеп жатат", — деп жазылат маалыматта.

Сүрөттө атайын жерге майда мрамор таштар төшөлүп, анын ичи гүл менен кооздолгонун көрүүгө болот.